22-сентябрда күн ачык болот

22-сентябрда күн ачык болот

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 22-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты улам өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 28…33;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Нарында облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 22…27;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метре жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34 градус жылуу болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>