24-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

24-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 24-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдалды.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;

Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>