27-апрелге карата валюталар курсуна саресеп

27-апрелге карата валюталар курсуна саресеп

Бүгүн, 27-апрелде Бишкектеги акча алмаштыруу жайларындагы валюталар курсу тууралуу маалымат.

Кечээтен бери АКШ долларынын орточо сатуу курсу өзгөргөн жок, евро 103,43 сомго, орус рубли 1,1432 сомго, теңгенин курсу 0,2053 сомго чейин арзандады.

Коммерциялык банктарда долларды сатып алуунун эң ыңгайлуу курсу — 84,8 сом, сатуу курсу — 84,9 сом.

Москва-Совет көчөлөрүндөгү акча алмаштыруу жайларында  АКШ долларынын орточо курсу: сатып алуу — 84,78 сом, сатуу — 84,9 сом.

Улуттук банктын расмий курсу — 84,8 сом.

Коммерциялык банктардагы евронун курсу: сатып алуу 101,8 сомдон 102,4 сомго чейин, сатуу 103,0 сомдон.

Москва-Совет көчөлөрүндөгү акча алмаштыруу жайларында еврону орто эсеп менен 101,89 сомдон сатып алышат, 103,15 сомдон сатышат.

Улуттук банктын расмий курсу — 102,5995 сом болууда.

Орус рубли коммерциялык банктарда сатып алуу — 1,129 сом, сатуу — 1,139 сом.

Москва-Совет көчөлөрүндөгү акча алмаштыруу жайларында рублди орто эсеп менен 1,126 сомдон сатып алышат, 1,141 сомдон сатышат.

Улуттук банктын рублинин расмий курсу — 1,1342 сом.

Казакстандык теңгени коммерциялык банктардан сатып алуунун эң ыңгайлуу курсу — 0,155 сом, сатуу — 0,201 сом.

Москва-Совет көчөлөрүндөгү акча алмаштыруу жайларында теңгенин орточо курсу: сатып алуу — 0,1887 сом, сатуу — 0,2051 сом.

Улуттук банктын расмий курсу 0,1973 сом.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>