28-май: Коронавирустун жаңы 283 учуру катталып, 8 бейтап каза болду

28-май: Коронавирустун жаңы 283 учуру катталып, 8 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 283 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5028 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 169;
Ош шаарында – 15;
Чүй облусунда – 35;
Ош облусунда – 5;
Талас облусунда – 4;
Нарын облусунда – 8;
Ысык-Көл облусунда – 26;
Жалал-Абад облусунда – 15;
Баткен облусунда – 6.

Ошондой эле инфекция 5 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 391 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Ошто 1, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 103 миң 886 адамдан аныкталды. Анын ичинен 97 миң 542 бейтап айыгып, 1 миң 788 киши каза болду.

 

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>