3-июль: Кыргызстанда дагы 506 адамдан коронавирус аныкталды

3-июль: Кыргызстанда дагы 506 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 506 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 3-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —230 адам. Ош шаарында 36, Чүй облусунда 151, Ош облусунда 14, Нарын облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 25, Жалал-Абад облусунда 21, Баткен облусунда 19 адам, Талас облусунда бир адам.

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 125 бейтап айыгып, үйүнө чыккан.

18-марттан 3-июлга чейин өлкөдө жалпы 6767 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2655 адам илдеттен айыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>