3-сентябрь. Өлкө аймагында жаан каттуу жаашы күтүлөт

3-сентябрь. Өлкө аймагында жаан каттуу жаашы күтүлөт

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 22…27;

Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда 11…16, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 14…19 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Бүгүн күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 24…26° ысыйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>