4 айылык Аминанын ата-энеси кайрымдуу инсандардан жардам сурайт

4 айылык Аминанын ата-энеси кайрымдуу инсандардан жардам сурайт

Ара төрөлгөн 4 айлык Амина Замировага тез арада чет өлкөдө эки көзүнө операция жасатуу үчүн каражат керек. Ымыркайдын ата-энеси кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.

Биз ымыркайдын атасы менен байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.

Аминага эмне деген диагноз коюлган жана оору менен канча убакыттан бери күрөшүп келе жатат?

Менин атым Замир Мусаев. Мен Амина Замированын атасы болом. Кызым ара төрөлүп, жарык дүйнөгө келгенден кийин жасалма дем алдыруучу аппаратка жатып калган. Төрт ай болгондо неврологияга алып келсек УЗИге жөнөттү, ал жерден көзүн тартыргыла деди. Көзүн тарттырсак эки көзүнө тең “ретинопатия катаракта” деген диагноз чыгарып, эки кареги сыйрылып жатканын айтып, тез арада чет мамлекеттен операция жасатуу керектигин билдиришти.

Бул ооруну Кыргызстанда дарылоого мүмкүн эмес экенби?

Тилекке каршы мындай операцияларды Кыргызстанда жасай албайт экен.

Кайсы өлкөдөн дарылатуу жана канча каражат керек?

Операцияны Түркиянын Стамбул шаарында жасай турганын айтты. Ал жактан дарылатып келүү үчүн 15 миң доллар каражат кетет экен. Аминадан тышкары дагы эки балам бар жана учурда кызымы дарылатууга мүмкүнчүлүгүм жок болгондугуна байланыштуу кайрымдуу инсандардан, наристемин ден соолугун сактап калуу үчүн жардам сурайм.

Жардам берем деген инсандар сиздер менен кандай байланышса болот?

Реквизиттерибиз Элсом 0779 204 324, Баланс.кж 779 204 324, Элкарт рск.банк 9417089949039409, Kicb bank 9417018754980910, Visa kart 4177490150923276 же 0706 140 446 номери аркылуу байланышса болот.

 

Төмөндө жардамга муктаж наристенин төрөлгөндөн баштап бүгүнкү күнгө чейинки сүрөттөрүн сунуштайбыз:

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>