4 жылдан кийин бул жерде шаар-бакча болот. “Эмгек” партиясынын миңдеген тарапташтары Маяковскийди окушту

4 жылдан кийин бул жерде шаар-бакча болот. “Эмгек” партиясынын миңдеген тарапташтары Маяковскийди окушту

Бүгүн Бишкек шаарында «Эмгек» саясий партиясынын чоң жыйыны болду.

Ага борбор калаанын бардык тарабынан чогулган 3 миңден ашуун адам катышты. Алар аталган партиянын мүчөлөрү, ардактуу коноктор жана жөнөкөй жарандар. Катышуучулар санитардык нормаларды жана социалдык дистанцияны сактоо менен футбол талаасына жайгашышты.

Иш-чара 2010-жылдагы апрель революциясында набыт болгондорду бир мүнөт унчукпай туруп эскерүү менен башталды.

Андан соң трибунага Бишкек шаардык кеңешине «Эмгек»  партиясынан аттанып жаткан талапкерлердин бардыгы чакырылды. Алар коомчулукка тааныштырылып, чоң экрандан көрсөтүлдү. Дал ошол маалда партиянын тарапташтары колдорундагы желектерди желбиретип, «Биздин сүйүктүү партия «Эмгек»! Алга! Сенин жеңишиңди Бишкек күтүп жатат. Ар бир акылдуу адам «Эмгекке» добушун берет»  деп кыйкырып, сүрөп жатышты.

Чогулгандар орун алгандан кийин «Эмгек» партиясынын төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров шайлоо кампаниясынын жүрүшү тууралуу айтып берди.

«Урматтуу «Эмгек» партиясынын мүчөлөрү, биздин пикирлештерибиз! Бизге болгон ишеним, колдоо жана үгүттөө кампаниясынын учурундагы ар күнкү эмгектериңер үчүн терең ыраазычылык билдиремин. Эл ичиндеги силердин аброюңар өтө чоң. Бул нерсе Бишкек шаарынын тургундары менен болгон жолугушуулардын ар биринен билинип жатты. Үгүт иштеринин учурунда борбор калаанын ар кайсы бурчунан жүзгө жакын жолугушууларды уюштуруп, шайлоочуларды программабыз менен тааныштырып жаттык. Аларга биздин ишибиз кызык болуп, ишенимдерин артышты. Чечүүчү күнгө саналуу гана убакыт калды. Биз чоң бир командабыз. Биргелешип ийгиликке жетип, ал эми 11-апрелде болсо чыныгы жеңишке жетебиз», — деди Жаныбек Абиров.

«Биздин партияга жана талапкерлерге карата маалыматтык чабуулдар жүрүп жатат. Ар бир күнү каралоолор болууда. Далили жок эле кайсы бир нерселерден күмөн санагандар арбын. Муну менен биздин атаандаштар бизден абдан чочулап жатканын айтсак болот. Анткени, алар «Эмгек» партиясынын чыныгы күч жана команда экенин жакшы билишет», — деди ал.

Андан сырткары партиянын талапкери Асель Абдыгулова эл алдына чыгып: «Ар бирибиз эле ыңгайлуу, кооз, заманбап жана коопсуз шаарда жашагыбыз келет эмеспи. Биздин балдар ушул жерде жашап, Бишкекти сүйүп, анын өнүгүүсү үчүн салымын кошуусу бизге керек. Жаштарыбыз алдыдагы максатын ушул жерден коюп, билим алып, сүйүп, үй бүлө кура алышы зарыл. Орто жаштагы жарандар санаасы тынч бала тарбиялап, иштей алгыдай болсун. Ата-энелерибиз көңүлү тынч пенсияга аттанып, неберелеринин кылыгына кубануу менен кооз бакчаларда сейилдей алышса. Анан албетте, ар бирибиз таза аба менен дем алгыбыз келет. Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн биздин партияга добуш берүүңүздөрдү суранам. Сиздердин ишенимге жана добушуңуздарга татыктуу экенибизди далилдөөгө уруксат бериңиздер. «Эмгек’ партиясынын программасы ишке аша турган программа. Биздин команда өзгөчө эргүү менен ишке киришүүгө даяр», — деди.

“Эмгек” партиясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков алдыга чыгып талапкерлерге батасын берди. «Кыргызстанда болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн баары таза, айкын жана толеранттуу эмес шайлоолордон улам болуп жатат. 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин өлкөнүн жаңы президенти таза шайлоолор өтөт деп белгиленгенден кийин, «андай болсо биз шайлоого аттанабыз» дедик. Кайра-кайра эле бир катаны кайталай бергенибиз туура эмес. Административдик ресурстар менен кара пиарды колдонуу жакшылыкка алып барбайт. «Эмгек» партиясы таза шайлоо үчүн! Ушундай жолдор менен гана Кыргызстандын жана борбор калаанын жаркын келечегин куруу мүмкүн», — деди Салымбеков.

«БШКга «Эмгек» партиясынан аттанып жаткан талапкерлердин командасы өтө иш билги, жаш, билимдүү, шаар көйгөйлөрүн билген инсандардан турат. Ал эми шаар маселеси өтө көп жана ошонун баарын чечүү керек. Эгерде биз шаарды өнүктүрө турган болсок, бүтүндөй өлкө да өнүгүү жолуна түшөт. Биз «Эмгек» партиясын 2011-жылдын 11-апрелинде түзгөнбүз. 11+11=22. Бул жогорудан берилип жаткан белги. 22 деген сан шайлоо бюллетениндеги партиянын номери.

Бишкекте биринчилерден болгула! «Эмгек», алга!», — деди ал.

Иш-чаранын соңунда массалык түрдөгү флешмоб өтүп, талапкер менен жолугушуунун калган катышуучулары «4 жылдан кийин бул жерде шаар-бакча болот» деген саптары бар Владимир Маяковскийдин ырын жалпылап ырдашты. «Эмгек» деген жазуусу бар шарларды асманга учурушту.

БШКнын шайлоосу үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өтөт. Шайлоо бюллетенинде «Эмгек» партиясы 22 деген номер менен катталууда.

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Өмүралиева тарабынан каржыланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>