4600 $. Жасалма доллар менен киши кармалды (ФОТО)

4600 $. Жасалма доллар менен киши кармалды (ФОТО)

4600 жасалма АКШ доллары менен кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-октябрь күнү жашыруун кызмат “А.К.” кеңсесиңде тиңтүү жүргүзгөн. Анда ал өз ыктыяры менен жасалма 100 долларлыктан 4600 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражаттарын берген.

Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган.

Кармалган жаран жазык – процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>