6 жаштагы бала аракка ууланып чарчап калды. Анын өлүмүнө шектүү камакка алынды

6 жаштагы бала аракка ууланып чарчап калды. Анын өлүмүнө шектүү камакка алынды

20-июлда Чүйдүн Жайыл районунда алты жаштагы бала аракка ууланып чарчап калган. Анын өлүмү боюнча бир адам камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Милициянын маалыматы боюнча, наристеге апасы менен чогуу ичимдик ичкендер эки стакан арак ичиришкен. Бала Жайыл райондук аймактык ооруканасында бир нече күн бою жандандыруу бөлүмүндө комада жатып, эсине келбей чарчап калды.

Бул окуя боюнча бир нече адам суракка алынган. Анын жыйынтыгында Жайыл районунун 31 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган адам чарчап калган наристенин энеси менен жашаган 60 жаштагы адамдын уулу болот.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>