Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке Каныбек Ботобаев директор болуп дайындалды

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке Каныбек Ботобаев директор болуп дайындалды

Каныбек Ботобаев Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ботобаев буга чейин өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-августунан тарта Жер ресурстары боюнча жаңы мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Аталган агенттикке 1.5 айдан бери жетекчи дайындалбай жатканы тууралуу өткөн жумада Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү өкмөткө сын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>