8-августта “Коопсуз шаардын” камераларын талкалагандардын бири кармалды

8-августта “Коопсуз шаардын” камераларын талкалагандардын бири кармалды

9-августка караган түнү Бишкектеги “Коопсуз шаар”долбоорунун видеокөзөмөл камераларын талкалоого шектелип жаткандардын бири кармалды. Бул тууралуу шаардык миилциядан билдиришти.

Анда айтылгандай, 8-август күнү кечинде жаалданган топ балдар Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жолду тосуп алып, унааларды текшерип, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сабайбыз деп коркутушкан

Ошондой эле алар милициянын бир канча унаасын жана «Коопсуз шаар» долбоорунун камераларын талкалап салып качып кетишкен. Жалпысынан алар 3 миллион сом чыгым алып келишкен.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын реестрине “бейбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми кармалган 1993-жылы туулган М.С., аттуу шектүү тергөө аабагына киргизилген. Милиция калган шектүүлөрдү кармоо аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>