9-май: Коронавирус 321 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду

9-май: Коронавирус 321 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 321 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4059 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 221;
Ош шаарында – 7;
Чүй облусунда – 54;
Ош облусунда – 0;
Талас облусунда – 1;
Нарын облусунда – 11;
Ысык-Көл облусунда – 20;
Жалал-Абад облусунда – 7;
Баткен облусунда – 0.

Ошондой эле инфекция 3 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 292 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 5, Чүй облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 98 миң 400 адамдан аныкталды. Анын ичинен 91 миң 599 бейтап айыгып, 1 миң 655 киши каза болду.

<span;> 

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>