9 жаштагы Сумаяны издөөгө жүздөн ашуун ыктыярчылар тартылды

9 жаштагы Сумаяны издөөгө жүздөн ашуун ыктыярчылар тартылды

9 жаштагы Сумаяны издөөгө жүздөн ашуун ыктыярчылар тартылды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милиция кабарлады.

Маалыматка караганда, Сумаянын кайда экендиги азыркы учурга чейин белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу Сузак райондук милиция жергиликтүү жүздөн ашуун тургундар менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Издөө иштерине тартылган милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар айылдарды аралашып, телефон аркылуу изделип жаткан кыздын сүрөтүн элге көрсөтүп издеп жатышат. Ошондой эле талаалар, сай бойлору да текшерүүгө алынууда. Бирок азырынча натыйжалуу майнап чыга элек. Буга байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 120-130 см, өңү кара тору, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү джемпер, көк түстөгү куртка, кызгыл түстөгү бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Хосилжанова Сумая Уткирбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Тел.: 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>