Аба ырайы: 12-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт, бирок өлкөнүн кээ бир аймактарында үшүк жүрөт

Аба ырайы: 12-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт, бирок өлкөнүн кээ бир аймактарында үшүк жүрөт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 12-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо абанын температурасы 0…-2° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;

Нарын облустунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6 градус болот.

Эртең Бишкекте күндүз күн ачык болуп, түнкүсүн жаан чачын күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 22……24°C, түнкүсүн 7..… 9°C.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>