Абайлаңыз сүрөт! «Манас» аэропортунда унаа багажынан өлүгү табылган адам Түркияга акча жөнөтүү менен алектенген

Абайлаңыз сүрөт! «Манас» аэропортунда унаа багажынан өлүгү табылган адам Түркияга акча жөнөтүү менен алектенген

«Манас» аэропортунун жанында киши колдуу болуп өлтүрүлүп, автоунаанын багажынан табылган 39 жаштагы адам чет өлкөгө акча которуу менен алектенген ишкер болгон. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламент жыйынында айтып чыкты.

“Кечээ мен ишкерлердин коопсуздугу, криминалдын күчөшү тууралуу айтсам, өкмөт башчы бул маселени саясатташтырбагыла деп жооп бериптир. Биз оозубузду жыйгыча кечээ кечинде аэропорттон акча ташыган дагы бир ишкердин сөөгү өзүнүн машинесинин багажынан табылды. Кылмыш дүйнөсү камалгандан коркпой калды, анткени алар соттон акталып чыгып кетүүнү адат кылып алышкан”, — деди эл өкүлү.

Vesti.kg басылмасы  өз булактарына таянып каза болгон адам бир тууганы менен Түркияга акча жиберип турганын жазып чыкты.

Ал улуту уйгур, Сокулук районунун Комсомол айылынын тургуну болгон.

Бул факты Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш сотко чейинки  өндүрүшкө алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>