Абайлаңыз сүрөт! Милиция зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын тек-жайын тактоого жардам сурайт

Абайлаңыз сүрөт! Милиция зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын тек-жайын тактоого жардам сурайт

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы зомбулук менен өлтүрүлгөн  эркек кишинин ким экенин тактоого жардам сурап элге кайрылды.

Маалыматта 30-35 жаштагы  аты-жөнү белгисиз адамдын сөөгү 4-октябрь күнү Сокулук районундагы Фрунзе- Совхоз айылынан табылгандыгы жазылат.

Маркум, арык чырай, бою 170-175 см, бет түзүлүшү сүйрү, чачы кара, кашы кара  калың. Үстүндө «FILA-ORIGINAL» деген жазуусу бар көк түстөгү жеңи узун көйнөк,  көк түстөгү жинсы шым, кара байпак, мойнунда крестиги бар сепочкасы бар.

Өзгөчө белгилери: сол колунда татуировка түшүрүлгөн. Маңдайкы бир тиши сары металдан.

Эгер маркумду таанып-билгендер болсо, Сокулук райондук  милицияга кайрылып же төмөнкү номерлер аркылуу байланышууну өтүнөт: 0(701) 80-18-03, 0(3134) 5-33-80 телефондоруна  же 102 кызматына кабарласа болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>