Абанын булганышынын негизги булактары автоунаа жана мончолор экени айтылды

Абанын булганышынын негизги булактары автоунаа жана мончолор экени айтылды

Абадагы булганыч заттарды азайтуу үчүн өндүрүш мекемелери жогорку технологиядагы чыпкалоочу жабдуулар менен жабдылышы керек. Мындай пикирин бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова билдирди.

Махабат Мавлянова жаратылышты коргоо кызматтарын борбор калаанын, жалпы эле өлкөнүн абасынын булгануу себептерин аныктоого чакырып, көйгөй кышында гана эмес, жайында да курч бойдон калып жатканына токтолду.

Андан тышкары, өндүрүш мекемелеринде зыяндуу заттардын отун катары пайдаланышы абанын булгануусунун бир фактору экенин белгилеген эл өкүлү Мамлекеттик экотехинспекцияны экологиялык коопсуздукка көзөмөлдү күчөтүү менен жогорку технологиядагы чыпкалоочу жабдууларды орнотуу маселесине көңүл бурууга үндөдү.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин өкүлү абанын булганышынын негизги булагы болуп автоунаа каражаттары, жеке секторлор, мончо жана турак-үйлөр эсептелерин кошумчалады.

Жыйында “Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда каралды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>