Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоду

Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Абдил Сегизбаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен келишип алып, коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылындагы  2,2 га жайыт жерди менчигине өткөрүп алган. Анда мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзүп, андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон. 

Мындан тышкары Абдил Сегизбаев жакын туугандары К.Сегизбаева жана Г.Кеңешова менен Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлерининин атынан ишеним каттарды жасалмалашкан. Кийин бул кылмыштуу кыймыл-аракеттерине мыйзамдуу түр жаратуу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышып, жогоруда белгиленген жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин  жеке менчиктерине өткөрүп алышкан.

Ошондой эле Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгү, ошондой эле К.Сегизбаеванын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү жана электр энергиясы камсыз кылынгандыгы аныкталган.

20-январда Башкы прокуратура тарабынан чогултулган материалдар Жазык кодексинин 319-бер. 1-б. (Коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.  

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>