Абдугапаров Жогорку Кеңештин депутаты болду

Абдугапаров Жогорку Кеңештин депутаты болду

Авазбек Абдугапаров бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйында ант берди. «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна келди.

Кыдыралиев «Кыргызалтын» компаниясынын башчылыгына кеткендигине байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Белгилей кетсек, «Жогорку Кеңештин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>