Абылгазиев: Сентябрь айынан баштап мугалимдердин маянасы көтөрүлөт

Абылгазиев: Сентябрь айынан баштап мугалимдердин маянасы көтөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 24-июлда өкмөттүн маалымат жыйынында айтты.

Абылгазиев айлык маяналарды жогорулатуу — бул өкмөттүн жоопкерчилиги экенин белгиледи.

«2008-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык маянасы 30 пайызга жогорулады. Мамлекеттик кадр кызматынын айлык маянасы көтөрүлдү. Спорт машыктыруучуларынын эмгек акысы 50 пайызга жогорулады. 1-сентябрдан тарта мугалимдердин айлыгы, 1-октябрдан баштап пенсиялар көтөрүлөт», — дейт өкмөт башчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>