Абылгазиев Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Абылгазиев Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 6-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунда жайгашкан Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин Солтон-Сары кенине жакын жерде болгон окуя жана коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматы угулду.

Өкмөт башчы окуянын бардык жагдайларын тыкыр тактап, калк арасында маалымдоо-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле 2009-жылдан бери мурдагы бийлик тарабынан кабыл алынган кен боюнча чечимдерди кайра карап чыгуу сүйлөшүүлөр жана ачык, конструктивдүү диалог аркылуу гана мүмкүн экенин айтты.

Абылгазиев инвесторлор менен жергиликтүү калктын өз ара тыгыз аракеттенүүсү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан да, компетенттүү органдар тарабынан да түшүндүрүү иштери иш жүзүндө формалдуу жүргүзүлүп келет.

Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин жыйынтыгы боюнча коомдук тартипти камсыздоо жана жергиликтүү калктын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын эске алуу менен жеринде абалды жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>