Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Бүгүн, 11-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана калкты суу менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдон, «Улуттук энергетикалык холдинг компания» башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровдон жана  Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиевден тиешелүү маалымат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов акыркы күндөрү Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Нарын облустарынын айрым тоолуу аймактарында сел жүрүү көбөйгөнүн билдирди.

«Жер жерлерде министрликтин кызматкерлери селдин кесепетин жоюу иштерин жүргүзүүдө», — деди ал.

Өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдар учурунда бардык тиешелүү органдар ыкчам жана биргелешип иш алып баруу керектигин баса белгилеп,  өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>