Айбек Алтынбеков: Менин башкы максатым — мекенимдин жаркын келечеги үчүн күрөшүү

Айбек Алтынбеков: Менин башкы максатым — мекенимдин жаркын келечеги үчүн күрөшүү

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттыгына бир мандаттуу №15 Базар-Коргон шайлоо округунан талапкер Айбек Алтынбеков аталган аймактын Сейдикум айыл өкмөтүнүн Дүкүр, Чек, База айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Айбек Алтынбеков алгач Базар-Коргон районунун тургундарынын колдоосу менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп, депутаттык мөөнөтүндө аймактын эли менен жемиштүү иштешүүгө жетишкенин баса белгилеп, ал үчүн жердештерине терең ыраазычылык билдирди.

Анын айтымына караганда, жердештеринин сунушу менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан талапкерлигин койгон.

“Менин башкы максатым — кыргыз элинин, мамлекетибиздин анын ичинде кичи мекенимдин жаркын келечеги үчүн күрөшүп, өлкө турмушундагы саясий, социалдык-экономикалык маселелерди натыйжалуу чечип, жакынкы арада Кыргыз Республикасын туруктуу өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кошуу.

Ошондуктан менин шайлоо алдындагы программам бардык социалдык маанилүү аспектилерди, мамлекеттин, анын ичинде алыскы тоолуу райондордогу элдин жашоосунун социалдык-экономикалык компонентин камтыйт. Программамда райондогу маселелерге жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин өз ара аракеттенүү механизмдерине багытталган өзүнчө бөлүмдөр бар экенин баса белгилегим келет”,- деди Алтынбеков.

Иш-чара учурунда айыл тургундары бала-бакча, мектеп жана электр энергия маселелери түйшөлтүп жаткандыгын айтышты.

Айбек Алтынбеков өз кезегинде эскилиги жеткен мектеп, бала-бакчалардын жетишсиздиги боюнча маселелерди жакшы билээрин айтып, ал көйгөйлөрдү чечүү жолдору анын шайлоо алдындагы программасында толук камтылганын дагы бир ирет баса белгиледи.

“Кымбаттуу жердештер! Ооба, сиздердин көтөргөн маселени абдан жакшы түшүнүп турам. Эгер мен депутат болсом, Базар-Коргон жана Тогуз-Торо райондорунун социалдык-экономикасын көтөрүү максатында буга чейинки демилгеленип келген сунуштарды эске алуу менен аймактын инфраструктурасын жакшыртууну, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнү жана элеттиктерди жаңы жумуш орундары менен камсыз кылууну колго алып, Мамлекеттик аткаруу органдарына сунуш берүү менен муктаждык болсо, жаңы мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизүүнү колго алам”,- деди ал.

Муну менен бирге шайлоочуларга төмөнкүчө кайрылды:

“Урматтуу шайлоочулар! 28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөнүн беш жылдык тагдыры жана элдин эртеңки келечеги аныкталат. Ошондуктан ар бир шайлоочу туура тандоо жасап, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошо аласыздар. Эгер мага бул ирет да ишеним көрсөтүп, чын дилиңиздерден добушуңарды бересиздер сиздердин кызыкчылыкты коргоого даярмын. Сиздердин колдооңуздар менен аймактын өнүгүшү үчүн бирге көп иштерди жасайбыз деген ниеттемин! Албетте, ага жетүү үчүн биримдик, талыкпаган эмгек жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик керек”,- деп сөзүн жыйынтыктады Алтынбеков.

Жолугушуунун соңунда шайлоочулар талапкерге ак жол каалап, Ак сакалдар ага шайлоодо жеңип чыгуусуна ак батасын беришти.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Айбек Алтынбеков шайлоо бюллетенинде 3чү номер менен катышууда.

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айбек Алтынбеков.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 19-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айбек Алтынбековдун шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Белеков Алмазбек Сатыбалдиевич тарабынан төлөндү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>