Айдоочуларга кулактандыруу! Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрөт

Айдоочуларга кулактандыруу! Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрөт

14-октябрдан 18-октябрга чейин унаа жолдун Боом капчыгайындагы 131-чакырымында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Мындан улам жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз Темир жолу мамлекеттик ишканасынан билдирди.

Таш кулатуу иштери поезд жана унаа каттамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында болот.

«Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Боом капчыгайында жол кыймылына чектөө киргизилет. саат 9-00дөн 15-00гө чейин жол маал-маалы менен жабылып турат. Эгерде жолдо 30-40 автоунаа чогулуп калса, кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат. Унааларды өткөрүү иштери жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынанан жүргүзүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>