Айсулуу Мамашова: Мен парламентте туруп, аял катары өзүмдү коопсуз сезе албайм

Айсулуу Мамашова: Мен парламентте туруп, аял катары өзүмдү коопсуз сезе албайм

Мен парламентте туруп, өзүмдү коопсузмун деп сезе албайм. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

«Тилекке каршы, Айзада чоң кызматта отурган аткаминердин кызы эмес. Ал болгонү жөнөкөй үй-бүлөнүн кызы. Мен үчүн өтө өкүнүчтүү, ушундай маселени алгач төрага Талант Мамытов сиз көтөрүп чыгышыңыз керек болчу. Бул коомго ачыкка чыкканы гана, канчалаган кыздар, аялдар зомбулукка кабылып жатат. Биз бир гана саясат менен алектенип калдык, качан экономиканы көтөрүү, коопсуздук менен алектенебиз? Талант Турдумаматович сизден суранам бул окуяны көз жаздымда калтырбооңузду», — деди эл өкүлү.

Мындан тышкары депутат Наталья Никитенко да спикерден парламенттин жыйынына Ички иштер министри Улан Ниязбековду чакырууну талап кылды.

  • 5-апрелде Бишкекте бир топ жигит күч колдонуп Айзаданы машинасына салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.
  • 7-апрелде койчу Аламүдүн районунун талаасында унаанын ичинен эркек кишинин жана аялдын (Айзаданын) жансыз денесин тапкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>