Айсулуу Тыныбековага Азия оюндарынын чемпиондугу кайтарылды

Айсулуу Тыныбековага Азия оюндарынын чемпиондугу кайтарылды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага 2018-жылы өткөн Азия оюндарынын жеңүүчүсү экенин тастыктаган алтын медаль расмий ыйгарылды. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Нурбек Изабековко таянып бир катар басылмалар жазышууда.

Жагымдуу маалыматтын чоо жайын аныктоо үчүн спортчу кыздын машытыруучусу Нурбек Изабеков менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

Буга чейин Изабеков Азаттык радиосуна берген маегинде алтын медалды Айсулуу Тыныбековага кайтаруу боюнча тиешелүү органдарга кайрылганын айткан.

Белгилей кетсек, Индонезияда өткөн Азия оюндарындагы 62 килограммга чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөштө монголиялык балбан Орхон Пуревдорж жеңүүчү болгон. Кийин анын организиминен кызытманын (допинг) белгилери аныкталып, ал алтын медалынан ажыраган.

Азия оюндарынын жеңүчүлөрү.  Солдон оңго күмүш медалдын ээси Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) Алтын медалдын ээси Орхон Пуревдорж (Монголия)  Коло медал ээлери Рисако Кавай (Жапони) жана Рим Жонг Сим (Түндүк Корея)
2018-жыл 20-сентябрь Жакарта

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>