Айыл-чарба, туризм, эмерек бир жерде

Айыл-чарба, туризм, эмерек бир жерде

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жыл сайынкы “Бишкек Сары-Өзөн 2021” универсалдуу көргөзмө-жарманкесин ачканы жатат. Бул туурасында аталган мекемеден билдирди.

Иш-чара Бишкекте 10-ноябрдан 21-ноябрга чейин “Аю Гранд” соода борборунда, Чолпон-Ата көчөсү  2 дареги боюнча өтөт. 2 миң чарчы метрге барбар аянтта меймандар ар кандай тармактар боюнча ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы менен таанышып, товарларды базардагыдан төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Иш-чаранын программасы эки чоң бөлүктөн турат:

  1. 10-14-ноябрда адистешкен тармактар боюнча универсалдуу көргөзмө өтөт:
  • “Агропродэкспо 2021” – тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жай продукциясынын, жабдуулар жана айыл-чарба техникасынын, технология жана ингредиенттердин көргөзмөсү. Таңгактар, кутулар, этикетка жана полиграфия;
  • “Туризм, спорт, эс алуу 2021” – туристтик объекттердин, шаймандардын жана жаңы турлардын, багыттардын экспозициясы;
  • “Эмерек 2021” – эмеректер, жасалгалар, дизайн жана интерьер;
  • “Бал өндүрүү 2021” – бал жана аары багуучулук продукциясы.

2. 16-20-ноябрда иш-чаранын экинчи бөлүгүндө “Алтын күз” аттуу элдик колдонуудагы товарлардын жарманкеси уюштурулат.

Мындан тышкары, ”Эң мыкты продукт”, “Эң мыкты ишкана” жана “Эң мыкты инновациялык продукт” номинациялары боюнча сынактар өтүп, жеңүүчүлөргө алтын медаль жана дипломдор тапшырылат.

10-ноябрда көргөзмөнүн ачылышына кыргыз бийлиги жана  Орусиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн жана Белоруссия, Индия, Иран, Пакистан элчиликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.  Көргөзмөнүн ачылышы 10-ноябрда саат 11:00дө болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>