Айзаданын өлүмү. Милиция кызматкерлерине иш козголду

Айзаданын өлүмү. Милиция кызматкерлерине иш козголду

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

2021-жылдын 5-7 апрель күндөрү 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин өлтүрүлүшү боюнча факты Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан текшерилди.

Биринчи Май райондук ички иштер органдарынын кызматкерлеринин бардык иш-аракеттерин, функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткаргандыгын, ар тараптуу жана толук изилдөө жүргүзүлбөгөндүгү боюнча бул факт 8-апрелде Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 331-бөлүмүнүн 2-бөлүгү (шалаакылык) менен өндүрүш иши башталды.

Сотко чейинки процесстин тергөө амалдары Бишкек шаары боюнча УКМКнын тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Бишкекте ала качылган кыз муунтулуп өлтүрүлгөн

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>