Айжан Кадырбекова жиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды

Айжан Кадырбекова жиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Айжан Кадырбекова жиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ACBJJ боюнча дүйнө чемпионаты 27-декабрда Москвада (Орусия) старт алган.

Айжан Кадырбекова көк курлар арасында 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынды.

Ал абсолюттук салмак категориясында да күч сынашып, бардык атаандаштарын жеңип, дүйнө чемпиону болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>