Ак-Буура дарыясына чөгүп кеткен 4 жаштагы бала бир аптадан бери табыла элек

Ак-Буура дарыясына чөгүп кеткен 4 жаштагы бала бир аптадан бери табыла элек

Ноокатта жол кырсыгынын кесепетинен “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында Күндү-Дөбө айылында катталган. Унаадагы 2016-жылы туулган жаш бала сууга чөгүп кеткен.

20-сентябрда издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнин 17 куткаруучу тартылган.

Бүгүн, 21-сентябрда дагы издөө иштери улантылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>