Ак-Буурага автоунаа кулап 1 адам аман калып, 2 адам сууга агып кетти

Ак-Буурага автоунаа кулап 1 адам аман калып, 2 адам сууга агып кетти

Ош облусунда автоунаа сууга кулап, 1 адам жаракат алып, 2 адам сууга агып кетти.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя 14-сентябрь күнү кечинде Ноокат районунда Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) болгон. Анда “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

Унаадагы 3 адамдын ичинен бирөөсү аман калып, (1974-жылы туулган), жолдо бараткан унаанын жардамында Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 2 жаран (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга агып кеткен.

Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 3 куткаруучу тартылып, саат 22:30да түн киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 15-сентябрда издөө иштери улантылууда.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>