Ак-Буурага кулаган автоунаанын жүргүнчүлөрү дале табыла элек, — видео

Ак-Буурага кулаган автоунаанын жүргүнчүлөрү дале табыла элек, — видео

Ак-Буурага кулаган автоунаанын жүргүнчүлөрү дагы деле табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 14-сентябрь күнү кечинде Ноокат районунда Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) болгон. Анда “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

Унаадагы 3 адамдын ичинен бирөөсү аман калып, (1974-жылы туулган), жолдо бараткан унаанын жардамында Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 2 жаран (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга агып кеткен.

Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 17 куткаруучу тартылган, бүгүн, 16-сентябрда да улантылууда.

https://www.facebook.com/mes.gov.kg/videos/2910457679057807/

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>