АКШ Эрдоганды антисемиттик билдирүүлөргө айыптады

АКШ Эрдоганды антисемиттик билдирүүлөргө айыптады

АКШ Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоганды антисемиттик билдирүүлөргө айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайстын айтымында, Эрдоган жана башка түрк лидерлери зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө алып келе турган билдирүүлөрдөн алыс болушу керек. Бирок анын билдирүүсүндө кандай чакырыктары талкууланып жатканы ачык айтылган эмес.

“Америка Кошмо Штаттары президент Эрдогандын жөөт элине каршы антисемиттик билдирүүлөрүн кескин айыптайт жана аларды араздашууну күчөтөт деп эсептейт. Президент Эрдоганды жана башка түрк лидерлерин айткандары мындары кийин дагы зордук-зомбулукка алып келиши мүмкүн. Анлдыктан каардуу сөздөрдөн алыс болууга чакырабыз”, — деген Нед Прайс.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменттинде Түркиянын президенти кандай сөздөрдү айтканы так айтылган эмес.

Белгилей кетсек, 14-майда Түркиянын президенти палестиналыктарды израилдиктер менен болгон кагылышууда колдойт деп билдирген. Ошол эле учурда ал Израилди бардык чектен ашкан  “террористтик мамлекет” деп атаган. Эрдоган мындай билдирүүлөрдү алгачкы жолу колдонгон жок: 8-майда ал «Террордук Израиль мамлекети Иерусалимдеги мусулмандарга аёосуз кол салып жатат» деп айткан. Андан бир нече күндөн кийин, Эрдоган Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен болгон сүйлөшүүдө «Израилдин террорун жана оккупациясын токтотуу үчүн колуман келгендин баарын жасайм» деп убада берген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>