АКШ: тышкы иштер боюнча комитет Навальныйды бошотууну талап кылды

АКШ: тышкы иштер боюнча комитет Навальныйды бошотууну талап кылды

Эки саясатчы тең оппозициячы Алексей Навальныйды жана акциялар учурунда кармалган миңдеген адамды тез арада бошотууну талап кылып, тынч митингдердин катышуучуларына карата мамилени жана журналисттердин кармалышын сынга алышты.

Микс менен Макколдун билдирүүсүндө «Путиндин режими абийирсиз коррупциясы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керектиги» жазылган.

2-февралда Москвада «Ив Роше» деп аталган мурдагы иш боюнча Алексей Навальныйдын шарттуу жазасын реалдуу камакка алуу жазасы менен алмаштыруу маселеси каралат. 2014-жылы «Ив Роше» иши боюнча саясатчыга шарттуу жаза өкүм кылынган болчу.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>