АКШнын экс-президенти Дональд Трамп мемуар жазууга киришти

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп мемуар жазууга киришти

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп өлкөнү башкарып тургандагы мезгили туурасында мемуар жазып жатат. Бул туурасында Newsmax телеканалына берген маегинде билдирген. Эфирдин үзүндүсүн Twitterдеги баракчасына жарыялады.

Ал, “мен аябай жакшы нерсени жазып жатам. Көрөсүңөр, абдан жакшы нерсе”, — деген.

Ошол эле маалда, чыгармасы туурасында көптөгөн журналисттер кызыгып жатканын билдирди. Ал чыгармасында президенттик ишмердүүлүгүнүн кайсы аспектилерин ачып берээрин ачыктаган эмес.

 

8-ноябрда экс-президент президенттик шайлоого катышуу боюнча чечимин орто мөөнөттүү шайлоодон кийин жарыялай турганын билдирген. Саясатчы анын талапкерлиги боюнча так чечим чыгара электигин белгиледи.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>