АКШнын элчилиги Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, жаңылмач айтышты (видео)

АКШнын элчилиги Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, жаңылмач айтышты (видео)

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин эмгек жамааты кыргызча жаңылмач айтып, Кыргызстандыктарды Мамлекеттик  тил майрамы менен куттукташты.

Куттуктоонун видеосу элчиликтин Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырылды.

Видеодон  чет элдиктердин кыргыз тилиндеги жаңылмачтарды  жаңылбай айтууга аракет кылганын көрүүгө болот.

Тасманын аягында элчи Дональд Лу жаңылмач айтып, андан соң  жалпы кыргызстандыктарды тил майрамы менен куттуктайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>