Аксы: Окуучу кыздын ымыркайынын атасы делген өспүрүм 2 айга камалды

Аксы: Окуучу кыздын ымыркайынын атасы делген өспүрүм 2 айга камалды

Аксыда 13 жашар кыз көз жарган окуя боюнча камакка алынган өспүрүм баланын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу “Репортерго” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыпталуучунун баш коргоо чарасы 5-апрелде каралып, сот аны 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, буга чейин Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы мектептердин биринин 7-класстагы окуучусу көз жарганы кабарланган. Кийин ымыркайдын атасы делинип, 17 жаштагы бала кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>