Аксы районунун аймагында сел жүрдү – сүрөт

Аксы районунун аймагында сел жүрдү – сүрөт

3-май күнү саат  мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Аксы районунун  Жаңы-Жол айылында жана Кашка-Суу айыл аймагындагы айылдарда  сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Тосту, Туюк-Жар, Кара-Башат айылдарындагы турак жайлардын огород участкаларына жана чарбалык жолдорго зыян келтирген.

Тактап айтканда, сел бир нече үйдүн огород участкасын каптап, Тосту ички чарбалык жолунун 150 метр аралыгын, Баткак-Сай участкасынан 120 метр аралыгын, Кара-Башат ички чарбалык жолунун 90 метр аралыгын аңдап оюп кеткен.

Учурда Айыл аймагында жол каттамдар уланууда. Адам өмүрүнө жана мал-жандыктарга зыян болгон жок.

Буга чейин Лейлек районунун аймагында дагы сел жүрүп бир нече турак үйллөрдү жана мекемелерди зыянга учураткан
[su_image_carousel source=»media: 27544,27545,27546,27547,27548″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>