Активист саламаттык сактоо министринин үстүнөн арыз жазды

Активист саламаттык сактоо министринин үстүнөн арыз жазды

Активист Умай Арыкова саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди жоопко тартуу үчүн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу активист «Твиттердеги» баракчасында билдирди.

Активист Башкы прокуратуранын төрагасы Курманкул Зулушевге кайрылып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин «Ден-соолукка атайылап зыян келтирүү» беренеси боюнча жүргөн иш-аракеттерине юридикалык жана укуктук баа берүүсүн суранган.

«Министрибиз текшерилбеген элдик ыкмаларды жайылтуу менен өлкөнүн бүтүндөй калкын өлүм коркунучуна алып келип жатат. Мындай кооптуу вирустук инфекцияны дарылоого уу коргошунду колдонууга болбойт, ошондуктан министр жоопко тартылышы керек», — деп жазган арызында ал.

Бүгүн, 16-апрелде саламаттык сактоо министри Бейшеналиев Ысык-Көлдө өскөн уу-коргошун коронавирусту айыктырууга болорун айтып, журналисттердин алдында аталган чөптөн жасалган суюктукту ичти.

Алымкадыр Бейшеналиев “Уу-коргошунду” ичти

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>