Активист Тилекмат Кудайберген уулу үй камагына чыкты

Активист Тилекмат Кудайберген уулу үй камагына чыкты

Бишкек шаардык сотунун чечими менен активист Тилекмат Кудайберген уулу үй камагына чыкты.

Соттук отурум бүгүн, 26-апрелде өткөн соттук отурумда материалдар каралып чыгып, анын жыйынтыгы менен активисттин бөгөт коюу чарасы үй камагы деп тандалган.

Белгилей кетсек, Тилекмат Кудайберген уулу “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу “бийликти кулатууга чакырган” деп айыпталып кармалган.  Ал Жазык кодексинин 310-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 264-беренесине (Массалык баш аламандыктар) беренеси менен айыпталууда.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 16-мартта активисттин баш коргоо чарасын карап, 15-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>