Акыйкатчыга кайрылгандардын 63% сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине байланыштуу

Акыйкатчыга кайрылгандардын 63% сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине байланыштуу

Акыйкатчынын 2018-жылдагы иши боюнча отчету бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында угулууда.

Акыйкатчы Токон Мамытовдун айтымында, акыйкатчы институту өлкөдө адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында ырааттуу иш алпарууда.

«Ар бир кайрылуу боюнча текшерүүлөр жүрүп, тиешелүү органдарга каттар жолдонду, арыз ээлерине адистер тарабынан сунуштар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада көптөгөн арыз ээлеринин укуктары калыбына келтирилди. Жарандардын кайрылууларында 63 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине байланыштуу болууда», — деди Мамытов.

 Өткөн жылы акыйкатчынын борбордук жана анын аймактык бөлүмдөрүнө кат жүзүндө 3237 кайрылуу түшкөн. Булардын 142си жамааттык кайрылуулар болуп саналат. Ошондой эле, 6115 адам оозеки түрдө кеңештерди алышкан. Кайрылгандардын жалпы саны 11260 адамды түздү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>