Site icon Reporter.kg

Акылбек Жапаров минкабдын төрагасы болуп дайындалды

Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин төрагасынын — КРнын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Ал эми Улукбек Марипов Министрлер Кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан  бошотулду.

Министрлер Кабинетинин курамы отставкага кетти.

Exit mobile version