Акыркы суткада 136 адамдан илдет аныкталды, үч адам каза болду

Акыркы суткада 136 адамдан илдет аныкталды, үч адам каза болду

Акыркы суткада 136 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 83, Ош – 0, Чүй облусу – 34, Ош облусу – 2, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 0, Жалал-Абад облусу – 9, Баткен облусу – 2.

Өлкө аймагында буга чейин жалпы 82 миң 723 адамга илдет жуккан, анын 78 миң 563ү сакайды.

Ал эми соңку суткада 3 адам вирустан каза болду, бүгүнкү күндү кошо эсепке алганда республика боюнча жалпы 1 миң 378 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>