Акыркы суткада 2 киши коронавирустун курмандыгы болду

Акыркы суткада 2 киши коронавирустун курмандыгы болду

Акыркы суткада 155 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 42, Ош – 6, Чүй облусу – 63, Ош облусу – 12, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 6, Ысык-Көл облусу – 11, Жалал-Абад облусу – 11, Баткен облусу – 3.

Бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында жалпы 83 миң 585 адамга илдет жукту, анын 79 миң 509у сакайды.

Соңку суткада эки адам илдеттен каза болду, бүгүнкү күндү кошо эсепке алганда 1 миң 394 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>