Акыркы суткада коронавирустан 4 адам каза болду

Акыркы суткада коронавирустан 4 адам каза болду

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен 4 бейтап көз жумганын 14-августта республикалык штабдын маалымат борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, кайтыш болгондор: Бишкек – 1, Талас облусу – 1, Ош облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 1.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча вирус жуктуруп каза болгондордун саны 1491 адамга жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>