Акжол Сулайманбек уулу орусиялык каршылашын мөөнөтүнөн мурда утту — видео

Акжол Сулайманбек уулу орусиялык каршылашын мөөнөтүнөн мурда утту — видео

Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу RCC Boxing Promotions уюмунун 17-апрелде өткөн турниринде орусиялык мушкер Никита Кузнецовду жеңди.

Беттештин алгачкы эки раундда Никита Кузнецов үстөмдүк кылып, орусиялык мушкер жеңишке жакын болгон. Бирок үчүнчү раунддан тарта Акжол ысыгандан кийин чабуулга өткөн. Жыйынтыгында ккаршылашы 7-раунддан кийин рингге чыгуудан баш тартып, кыргыз мушкери мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен.

“Никита физикалык жактан күчтү, бирок техникасы начар болгондуктан мага ыңгайлуу каршылаш болду. Мен ага караганда күчтүү жана бекеммин, кандай гана болбосун жеңиш мен тарапта болмок”, — деген мушкер.

Белгилей кетсек, Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык карьерасында 26 беттеш өткөрүп, анын 16сында женишке жеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>