Ала-Арчада куралдуу адамдар үй ээсин жарадар кылып, кызын өлтүрүп кетишти

Ала-Арчада куралдуу адамдар үй ээсин жарадар кылып, кызын өлтүрүп кетишти

Чүйдө куралдуу адамдар үй ээсин жарадар кылып, кызын өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрга караган түнү саат 02:00дөр чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз беткапчан адамдар кирип барышкан. 62 жаштагы үй ээси аларга каршылык көрсөтүп, кылмышкерлердин колунан бычак менен жаракат алган. Бул учурда ызы-чуудан 26 жаштагы кызы ойгонуп, каракчылар аны да бычак менен сайышкан.

 Аялы да ойгонуп чыгып, кылмышкерлер окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Кызы ооруканага алып бара жатканда каза болуп, үй ээси оор абалда ооруканага жеткирилген.

Учурда бул факты»адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>