Ала-Букада сууга түшүп жатып агып кеткен жоокер Өзбекстандан табылды

Ала-Букада сууга түшүп жатып агып кеткен жоокер Өзбекстандан табылды

Ак-Булак суусуна агып кеткен жоокер 29-июль күнү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бидирет.

Ала-Бука районундагы №2030 аскер бөлүктүн Б.Н.у. аттуу жоокери 19-июль күнү дарыяга түшүп жатып кокусунан тайып кетип, сууга агып кеткен. Аны издөөгө эки өлкөнүн чек арачылары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тартылган.

Жоокердин сөөгү 29-июль күнү Кыргызстанга алынып келинген. Учурда кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>