«Ала-Тоо» аянтында Пакистандын жаранын тоноого шектүү жигиттер кармалды

«Ала-Тоо» аянтында Пакистандын жаранын тоноого шектүү жигиттер кармалды

Пакистандык жаранды тоноп кетүүгө шектелген эки жигит кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда “Ала-Тоо” аянтында Пакистандын жаранын тоноп кетти деген маалымат милицияга келип түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу барганда арыз менен Пакистандын жараны кайрылган.

Арызда түнкү саат 03:00 чамасында белгисиз жарандар «Ала-Тоо» аянтынан ага күч колдонуп, iPhone 12 Pro үлгүсүндөгү телефонун жана 800 доллар акчасын алып андан ары из жашырганы жазылган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, изилдөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 19 жаштагы Х.У. жана 20 жаштагы М.И. аттуу эки жигит кармалган.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>